АНТИКАЛЫК ФИЛОСОФИЯ
12:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(б. з. ч. 7–6-к.
калыптанган – грек антика философиясы) –
мүнөзү ж-а мазмуну, өзгөчө филос. методу м-н
байыркы чыгыш филос. системаларынан айырмаланат. Анын өнүгүшүн болжол м-н 4 этапка
бөлүп көрсөтүүгө болот: 1) Сократка чейинки
этап, ошол мезгилдин философторун досократиктер деп аташкан. 2) Классикалык этап. Ал
Сократтын, Платондун ж-а Аристотелдин таасири ж-а ишмердүүлүгү м-н мүнөздөлөт. Бул
мезгилдеги эмгектердин көпчүлүгү эллинистикалык этап катары аныкталган. 4-сү ошол кездеги чечүүчү күчтөрдүн бири болуп турган Римге
туш келет. Көп жагынан ал грек мад-ты м-н
байланыштуу, о. эле христиан философиясы калыптанат. Ш. К. Алиева.