АНТИГОНИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– Македониядагы падышалардын династиясы (б. з. ч. 306–168-ж.). Александр Македонскийдин кол башчысы «Жалгыз көздүү» Антигон I негиздеген (306–301-ж. бийлеген) ж-а улуу Деметрий I Полиоркет (301–286-ж. бий-леген) экөө тең падышабыз деп жарыялаган. Деметрий I туткунда өлгөндөн кийин, анын мурасчысы болуп уулу Антигон II Гонат (283–239-ж. башкарган) калат. А-дин кийинкилеринен күчтүүсү Филипп V (221–179) кеңири эл ара-лык саясат жүргүзүп, 215-ж. Карфаген кол баш-чысы Ганнибал м-н союз түзгөн. Грекияда өз үстөмдүгүн күчөтүү үчүн жасаган аракети Филипп

Vни Рим м-н кагылыштырган. Киноскефалдагы салгылашууларда жеңилгенден кийин, Македониядан тышкаркы аймактагы ээлигинен баш тарткан соң, Грекияны римдиктер бийлеп калган. Анын мурасчысы уулу Персей (179–168) 168-ж. Пидндеги салгылашууда жеңилип, Македония кыйраган ж-а Римге биротоло баш ийип калган.