АНДРЕЙ РУБЛЁВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(1370-ж. чен – 1430-ж. чен,

Москва, Андроников монастыры) – байыркы орус живописчиси, Москва живопись мектебин негиздөөчү. А. Р-дун көз карашынын калыптанышына 14-к-дын 2-жарымы – 15-к-дын башындагы Москва Русунун улуттук моралы, рухий байлыгы чоң таасир тийгизген. Анын о. кылымдык иконография алкагындагы чыгармалары [«Апостол Павел», «Архангел Михаил» (экөө тең 14-15-к., Третьяков гал.) ж. б.] адамдын сулуулук дүйнөсүнө ынтызарлыгы м-н адепахлагынын күчүн көргөзгөн. А. Р-дун чыгармалары тарыхый маалыматтарга караганда аз сакталган: Владимирдеги Успен соборунда ж-а
Троица соборундагы Троице-Сергий лаврасында А. Р. өзүнүн атактуу шедеври «Үч периште» (Третьяков гал.) иконасын жараткан (1412- же 1427-ж. чен). «Үч периштенин» стили 15-к-дын
жарымындагы византиялык живописке окшош; жыгач чиркөөдөгү болжол м-н 1410-ж. «Үч периштенин» башкача иконасы болгон (азыркы убакта Сергий Посад музейинде сакталып турат). Тегерек композициясы периштелердин ортосундагы өз ара таттуулук көгүш, күрөң, саргыч, кызгылт түстөрдүн байланышы м-н толукталган. А. Р-дун чыгармалары маалыматтар б-ча толугу м-н бизге жеткен жок. Болжол м-н анын окуучуларына, артелдин мүчөлөрүнө: Даниил м-н А. Р-го таандык болгон. Москва Кремлиндеги (1405) Благовещен соборунда фрескалар кайра курулган убакта (1416) жоголгон, 1547-ж. өрттөнүп кеткен. А. Р. көпчүлүк чыгармаларын шериктери м-н бирдикте иштеген, ошондуктан анын чыгармаларын коллективдүү ансамблден бөлүп кароо проблемасы бар. Владимирдеги Успен соборунда сакталган фрескалардан айрыкча А. Р. м-н Даниилдин иштери өзгөчө айырмаланып турат. Мында «Коркунучтуу сот» аттуу эң чоң композициясынан калган калдыктар бар. «Коркунучтуу сот» композициясын эки чебер живописчи: нефтин борб. сводунун батыш бөлүгүн А. Р., ал эми түш. нефтегисин Даниил жазган деп болжолдошот. А. Р-дун иск-восу 15-кдагы орустун живопись мектебин өркүндөткөн. 1947-ж. Андронников монастырында Андрей Рублёв атн. Байыркы орус иск-восунун музейи ачылган. А. Р-ду эскерүү 6(19) июлда; Радонеж касиеттүүлөрү соборунда 4(17) июлда өткөрүлүп турат. А. Оморова.