АНДОРРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Андорра КняздыгыЕвропанын түш.-батышындагы мамлекет. Франция м-н Испаниянын чек арасында, Чыгыш Принейде, Валира-дель-Орьен (Эбро д-нын алабы)

д-нын өрөөнүндө жайгашкан. Аянты 464 км2. Дүйнөдөгү аянты б-ча эң чакан өлкөлөрдүн бири. Түндүктөн түштүккө карай 25 кмге, батыштан чыгышка 29 кмге созулат. Калкы 83,9 миң

АНДОРРА 84.png
АНДОРРА 85.png
АНДОРРА

(2009). Борбору – Андорра-ла-Велья ш. Расмий тили – каталан тили; о. эле испан, француз тилдери да колдонулат. Акча бирдиги – евро (2002- жылдан). Адм.-айм. жактан 7 общинага бөлүнөт. А. – БУУнун (1993), ЕККУнун (1999), Европа кеңешинин (1994) мүчөсү.
А. – унитардык мамлекет. Конституциясы 14.3.1993-ж. кабыл алынган. А. – парламенттик княздык. Мамл. башчысы – Франция президента ж-а Урхель епискобу. Кош башкаруу бирдей бийликке ээ. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – бир палаталуу Генералдык кеңеш (4 жылга шайланат). Генералдык кеңештин башкаруу органы – синдикатура, аны генералдык синдик башкарат. Саясий партиялары – Либералдык союз ж-а Улуттук-демокр. биримдик.
Жерг. калкы андорралыктар (45,98%), көпчүлүгү – испандар (26,4%); о. эле португалдар (14,2%), француздар (4,9%), англичандар, шотланддар, мароккалыктар, немистер, инди-пакистандыктар, еврейлер, филиппиндиктер жашайт. Католик динин тутат. Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники – 80,8, аялдарыныкы – 87,6 жаш. Орт. жыпггыгы 1 км2 жерге 181 киши. Шаар калкы 93% (2000). Ири шаары – Андорра-ла-Велья.
Алгач 805-ж. Урхель епискобунун испаниялык документтеринде эскерилет. 1278-жылдан Франция м-н Испания епискобунун кош башкаруусунда болгон. 1793-ж. Франция башкаруудан баш тартып, бирок 1806-ж. башкаруу бийлиги Наполеон I Бонапарт тарабынан калыбына келтирилген. 1866-67-ж. конституция киргизилип, өлкөнүн ичинде епископтун бийлиги чектелип, бирок толук эркиндикке жетишкен эмес. 1993-ж. Испания м-н Франция бир келишимге келип, биринчи конституциясы кабыл алынып, азыр суверендүү мамлекет (княздык).

Экономикасынын

 негизин – чет өлкөлүк туристтерди тейлөө түзүп, ал ички дүң продукциясындагы кирешенин 80% ин берет. Жылына 16

млн турист (1 адамга 230 турист) келет; 260тан ашык отель иштейт. Туристтердин көбү (жылына 10 млнго жакын) тоо лыжасына кызыккандар. Ички дүң продукциясынын көлөмү
3,9 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 34,6 миң доллардан (АКШ; 2013) туура келет. А. – эл аралык финансы борбору; көптөгөн товарларга салыктын жоктугу туристтерди гана эмес, о. эле чет өлкөлүк инвесторлорду, коммерсанттарды, финансисттерди да кызыктырат. Минералдык ж-а терм суулары дарылоодо, үйлөрдү жылытууда пайдаланылат. Батыш Европадагы ден соолукту чыңдоочу эң ири Кальдеа комплекси иштейт. Too дарыяларындагы чакан ГЭСтерден электр энергиясы өндүрүлүп, Испанияга экспорттолот. Жеңил, тамак-аш (сыр, минералдуу суулар, тамеки), жыгаччылык (Пириней Кызыл карагайынан, эменден Испаниянын мебель ф-калары үчүн жогорку сапаттагы такталар даярдалат) өнөр жай ишканалары бар. Жеринин 2,2% иштетилет. Тоолуу аймактарында кой, эчки багылып, өрөөндөрүндө тамеки, арпа, кара буудай, картошка, жашылча айдалат. Жүзүмчүлүк өнүккөн. Темир жол ж-а аэропорт жок; негизги транспорту болгон автомобиль жолунун уз. 269 км. Экспортко туз, жүн, сыр, жыгач көмүрүн, минералдуу суу чыгарып, сырттан өнөр жай товарларын, азыктүлүк алат. Негизги соода шериктери: Франция ж-а Испания. С. Айткулова.