АНДАЛУЗИТ
12:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(Испаниядагы Андалузия
провинциясынын атынан) – минерал, силикаттар классына кирет. Хим. формуласы Al2Si205.
Ромб сингониясында кристаллданат. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 6,5–7,5, тыгыздыгы 3130-
3160 кг/м3. С. салм. 3,16-3,21. Өңүбоз, кызгылт
боз, кызгылтым, кээде түссүз. Айнек сымал жалтырак, отко чыдамдуу. А. метаморфизмделген
сланецтер м-н гнейстерде жолугат. Отко чыдамдуу керамикалык жука буюмдарды жасоодо пайдаланылат. Андан жогорку сапаттагы алюминий металын да алууга болот.