АНГЛЕЗИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 [алгачкы жолу табылган Англси

а-нын (Улуу Британия) атынан], коргошун купоросу – минерал, сульфаттар классына кирет. Хим. формуласы Pb(S04). Ромб сингониясында кристаллданат. Өңү ак келип, саргыч же жашыл түстөр кошумчаланып турат. Алмаз сымал жалтырайт. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 2,5-3, тыгыздыгы 6380 кг/м3. С. салм. 6,4. Негизинен коргошун, цинк, сульфид кендеринин кычкылдануу зоналарында галениттин өзгөрүшүнөн пайда болот. А. – коргошундун негизги кенташы (рудасы).