АЛЮМИНИЙ КУЙМАЛАРЫ
– алюминийди
башка металлдар (Fe, Si, Си, Mg, Zn) м-н эритүүдөн алынган куймалар. Алардын тыгыздыгы төмөн (3000 кг/м3 ка чейин), электр ж-а жылуулукту жакшы өткөрүү, коррозияга туруктуу
ж. б. касиеттерге ээ. А. к-нын дат баспай турган (А1 – Mg – Si), өтө бышык (AI – Mg – Si -
Си, AI – Zn – Mg ж-а Al – Zn – Mg – Си), темпрага чыдамдуу (AI – Си – Mg ж-а AI – Си – Li),
жеңил ж-а жогорку модулдуу (AI – Be – Mg
ж-а AI – Li – Mg) системалары иштелип чыккан. А. к-нын негизги артыкчылыктары салмагынын аз болушу, технол. касиеттеринин
мыктылыгы, кесүү-жонуу ж-а чайкоо, каңдоо
ыкмалары м-н бекем ширетилиши болуп саналат. Буюмдарды ж-а тетиктерди жасоодо деформациялануучу ж-а куюу жолу м-н алынуучу
болуп бөлүнөт. Деформациялануучу
А. к. түтүк, жалпак буюм (листтер), зым ж. б.
даярдоо үчүн колдонулуп, согуу, чоюу, созуу ж-а
жумурулоо ыкмалары м-н даярдалат. Бардык
чыгарылган А. к-нын 80% ин ээлейт. Куюу
жолу м-н алынган А. к. куюга жарамдуу болуп,
курамына легирлөөчү элементтер (Сг, Mn, Mg)
кошулат. Алар куйманын касиетин жакшыртат. А. к. негизи констр-лык материал болуп
эсептелет. Өндүрүлүшү ж-а пайдаланышы б-ча
болоттон кийинки 2-орунду ээлейт. Эксплуатациялык мыкты (уникалдуу) касиеттеринин негизинде авиа ж-а ракета, кеме, автомобиль курууда, о. эле хим. ж-а нефтехим. продуктуларды ташуучу цистерналарды жасоодо,
курулулушта, тамак-аш өнөр жайында ж. б. кеңири колдонулат.
Ад.: Термическая обработка алюминиевых сплавов,
М., 1961; Альтман М. Б., Стромская Н. Б. Повышение свойства стандартных литейных алюминиевых
сплавов. М., 2001.