АК-СУР ТАШ КӨМҮР КЕНЧЕСИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:48, 21 Апрель (Чын куран) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Жазы аянты Ош обл-нун Өзгөн р-нунда, Чытты ж-а Кара-Булак сууларынын аралыгында. 1945-жылдан белгилүү. Бул жерде көмүрдүн 5 кабаты бөлүнгөн. Алардын калыӊдыгы 0,20‒1,4 м. Көмүрдүн маркасы болжол м-н антрацитке (А) жакын. Көмүрдүн орт. күлдүүлүгү 6,15%, орт. күйүү жылуулугу 34,87 МДж/кг (8330 ккал/кг ). Болжолдуу ресурсу 300 м тереӊдикке чейин 15 млн т.