АККАД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(Аккаде, Агаде) – Месопатамиянын түн. бөлүгүндө, Багдаддын түн.-батышында жайгаш­кан байыркы мезгилдеги шаар (Ирактагы азыр­кы Аббу‑Хабба ш‑на жакын). Анын так орун алган жери белгисиз. Б. з. ч. 24–22‑к‑да А. шаа­ры Аккад мамлекетинин борборуна айланып, анын курамына бүткүл Төмөнкү Месопатамия ж‑а Элам кирген. А. шаарын жогорулаткан ж‑а Аккад мамлекетин негиздеген падыша Саргон Байыркы (Аккаддык, б. з. ч. 2316–2261‑ж. баш­карган) Саргониддер династиясына негиз сал­ган. Саргониддер активдүү тышкы саясат жүргүзүшүп, Месопотамия (Кош өзөн) аралыгы­нын түн. бөлүгүнө, Кичи Азияга, Эламга жор­туулдарды уюштуруп турушкан. Саргондун бий­лик жүргүзгөн мезгилинде А. мамлекетине Шу­мер каратылган. Кийинчерээк Түш. Месопата­миянын түн. бөлүгү А. деп атала баштаган. А. Эки суу аралыгынын эң кууш жеринде жайга­шып, түндүктөн түштүккө (Армениядан Перси

булуңуна) ж‑а чыгыштан батышка (Ирандан Жер Ортолук деңизине, андан Кичи Азияга) карай кеткен дарыя ж‑а кербен соода жолдору­нун түйүнү болгон. A‑да ирригациялык система мыкты өнүккөн. Саргондун тушунда эле армия­нын саны 5400гө жеткен. Алар падышалык казынанын эсебинен кармалган. А‑дын пады­шалары өзүлөрүн «төгөрөктүн төрт тарабынын», атүгүл «ааламдын» падышалары деп аташкан. Бирок өлкөдөгү ичара чатактар А‑ды алсыра­тып, б. з. ч. 2200‑ж. ченде басып кирген тоо­лук‑кутийлер тарабынан каратылган. Андан соң А. Ур падышалыгынын курамына кирген. Б. з. ч. 3‑2‑миң жылдыктардын чегинде бүткүл Кош‑Өзөн аралыгы сыяктуу эле А. да аморей­лердин соккусуна дуушарланган. Кийин ал өз ал­дынча мамлекет катары жоюлуп, тарыхый ай­мак катары Вавилон ж‑а Ассирия падышалык­тарынын курамына кирген. А. шаарынын та­рыхый аренадан кайсы мезгилде жок болуп кет­кендиги тууралуу маалыматтар жок ж‑а архео­логдор тарабынан анын калдыктары табылган эмес. А. шаары тууралуу Хаммураппинин мый­замдарында (б. з. ч. 18‑к.), легендаларда, поэ­маларда, диний гимндерде гана айрым маалы­маттар сакталган.