АЙЫЛ ЧАРБАНЫ КОЛЛЕКТИВДЕШТИРҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
СССРдеги – Совет бийлигинин СССРде социализмди куруу планынын бир бөлүгү. А. ч. к. жеке чарбаларды жоюу м‑н дыйкандарды коо­перативдерге, а. ч. артелдерине (коллективдүү чарбага, колхоздорго) бириктирүүнүн негизинде ири чарбалардын товар өндүрүмдүүлүгүн жого­рулатуу, а. ч‑да мамл. көзөмөлдү орнотуу ж‑а оокаттуу дыйкандардын арасындагы «айылдык буржуазия – кулактарды» эзүүчү тап катары жоюу максатын көздөгөн ж‑а биринчи беш жылдык планды аткаруу жылдарында (1929– 33) репрессиялоо, күч колдонуу ыкмалары ар­кылуу ылдамдатылган темп м‑н жүргүзүлгөн. 1929‑ж. И. Сталин а. ч‑нда «туташ коллектив­дештирүү» ураанын жарыялаган. Коллектив­дештирүү өтө талаш‑тартыштуу, карама‑каршы­лыктуу натыйжаларды берген. А. ч. толугу м‑н мамл. көзөмөлгө алынып, колхоздордун өндүр­гөн эгини эң төмөнкү баада сатып алынган ж‑а өлкөнү индустриялаштыруу максатында өнөр­жай жабдууларын алууга Батыш өлкөлөрүнө экспорттолгон. Дыйкандар өздөрүнүн жеке чар­басында өндүргөн артык баш эгинин эркин са­тууга тыюу салынып, аны мамлекетке арзан баада тапшырууга милдеттендирилген. Каршы­лык көргөзгөндөр кулак деп жарыяланып, мүлкү толугу м‑н конфискацияланган ж‑а сот жообу­на тартылган. Жалпысынан, миллионго жакын үй‑бүлөлөр кулакка тартылган. Анын жыйын­тыгында колхоздордун продукция өндүрүм­дүүлүгү төмөндөгөн, колхозчулар дээрлик эмгек акы алышкан эмес, өзгөчө мал чарбасы катуу жала чеккен. Колхоздоштуруу алыскы аймак­тарда оор кесепеттерге алып келген. Элет кал­кы анын маанисин толук түшүнө электе ж‑а тиешелүү өкмөттүк дотацияларга негизденбей, күчтөп ж‑а ыкчам жүргүзүлгөн колхоздоштуруу­нун айынан 1932–33‑ж. өлкөнү ачарчылык кап­таган. Украинада, Түн. Кавказда, Волга боюн­да, Казакстанда ж. б. райондордо башталган мас­салык ачарчылыктын кесепетинен 3–10 мил­лион адам каза болгон.

Бүткүл өлкөдөгүдөй эле, Кырг‑нда Совет бий­лиги орногондон кийин мамлекеттештирилген жерлерде алгачкы коллективдүү чарбалар уюш­турула баштаган. А. ч. к. иш‑чаралары көчмөн ж‑а жарым көчмөн чарбаларды отурукташты­руу м‑н катар бир мезгилде жүргүзүлгөн. Калк­ты отурукташтыруу Совет бийлигинин алгач­кы жылдарында жүргүзүлгөн жер‑суу реформа­ларынын жүрүшүндө эле башталган. Ага кара­бастан 1930‑жылдын башында республикада 85 миң чарба көчмөн абалда калган. Отурукташ­тыруу максаты коллективдештирүү саясаты м‑н коштолуп, жаңыдан отурукташа баштаган эл зордук м‑н колхоздорго киргизилген. 1925­жылдын октябрына карата 232 а. ч. коопера­тивдери түзүлүп, аларга 21,8 миң адам мүчө бо­луп кирген. Туташ коллективдештирүүнүн не­гизинде 1931‑ж. коллективдүү чарбалардын саны 1500гө жеткен. Кооперация кыргыздардын тур­мушунда тыштан трактор ж. б. жады техника­ларды ж‑а каржылык жардамдарды шерикте­шип алып келип, а. ч‑н өнүктүрүүдө маанилүү роль ойногон. Бирок, коллективдештирүүнүн жүрүшүндөгү мамл. зордук‑зомбулуктун күчөшү, а. ч‑н, өзгөчө мал чарбасын бүлгүнгө учураткан. Колхозго малый бергиси келбегендер массалык түрдө союп же сатып жок кыла баштаган. На­тыйжада, 1930‑ж. бодо малдын саны 24,4%, жылкы 18,5%, кой‑эчки 15,5% кыскарган. Эгинди конфискациялоонун натыйжасында жазгы үрөндүк эгин калбай калган. Башка ай­мактардай эле Кырг‑нда да ачарчылык баштал­ган, бирок негизинен мал чарбасы м‑н алектен­ген көчмөн кыргыздарда коңшу элдердегидей чоң жоготуулар болгон эмес. Ушундан улам абал оор болгон Казакстандан ж‑a Сибирден жарым млндой ачка качкындар Кырг‑нга келин баш­паана табышкан. Жалпысынан көчмөн кыргыз­дарды отурукташтыруу ж‑a коллективдештирүү Улуу Ата Мекендик согушка чейин аяктаган. А. ч. к. ж‑a отурукташтырууда кетирилген олут­туу катачылыктарга карабастан, прогрессивдүү мааниге ээ болгон. Совет бийлигинин жардамы м‑н Кырг‑нда туруктуу айыл‑кыштактар, чар­балык борборлор пайда болуп, аларда түрдүү агартуу мекемелери, мектептер, турмуш‑тири­чилик ишканалары курулган.
Ад.: Вылцан М. А, Данилов В. П., Кабанов В. В., Мошков Ю. А Коллективизация сельского хозяйства СССР. Пути, формы, достижения. М., 1981.
А Орозов.