АКМАТОВ Таштанбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:50, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 (15. 3. 1938‑ж. т., Ысык­Көл обл., Тоң р‑ну, Көк‑Сай айылы) – мал чар­ба өндүрүшүнүн новатору, эки жолку Соц. Эмг.
АКМАТОВ50.png

Баатыры (1976, 1986), СССР мамл. сыйл. лауреаты (1982). 1977‑ж. К. И. Скря­бин атн. Кыргыз а. ч. ин‑тун бүткөн. 1955‑жылдан Ысык­Көл обл‑нун Тоң р‑нундагы 22‑партсъезд атн. колхоздо чабандын жардамчысы, баш чабан болуп иштеп, 1976­82‑ж. койдон төл ж‑а жүн алууда эң жогорку көрсөт­күчтөргө жетишкен. 1982­ жылдан ирилештирилген чабандык бригада түзүп, бригадада ар жүз тубар койдон 143төн козу, ар койдон 5,1 кг дан жүн кыркып алган (1983‑85). 1987‑91‑ж. Кыргыз ССР Жогорку Со­ветинин Президиумунун председатели, 1989­91‑ж. СССР Жогорку Советинин, 1987‑90‑ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Үч Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу ордендери ж‑а ме­далдар м‑н сыйланган. А‑дун коло бюсту Тоң р‑нунун Ак‑Сай айылына тургузулган (1988, ай­келчиси Т. Садыков).