АКМАТБАЕВ УЛАНБЕК Таберикович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:14, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
Уланбек Таберикович [19. 2. 1973‑ж.т., Фрунзе (азыркы Бишкек) ш] – юрист, саясат таануу илимд. доктору (2013). 1995‑ж. КМУУнун юридика ф‑тин бүтүргөн. 1995–2003‑ж. ФРГдагы КРдин элчилигинде атташе, «Реемтсма‑Кыргызстан» ачык акционердик коомдо корпоративдик маселелер б‑ча директордун ассистенти, юрист, юрид. бөлүмдүн менеджери, корпоративдик ж‑а юрид. бөлүмдөрдүн менеджери, генералдык директор, «Империал Табакко Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунда генералдык директор, 2003‑жылдан КР Соода өнөр жай палатасында Эл аралык арбитраждык сотунун арбитри, КР Сууда сүзүү федерациясынын Президенти, Мектеп долбоорлорун илгерилетүү ж‑а немец тилин өнүктүрүү б‑ча кыргыз‑герман коомунун башкармалыгынын төрагасы, Mortimer Blake эл аралык юрид. фирмасынын өнөктөшү.