«АК МАКТЫМ» дастаны
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
– кыргыздарга арман дастаны катары кеңири тараган уламыш. Анын бир нече варианты көбүнчө түштүк тарапта кеңири жайылган. Белгилүү варианттарга М. Зулпиев, Ю. Бостонов, А Токторбаев, К. Жоошбаев, М. Орозматов, Тоголок Молдо жазып калтырган «Кыз Мактымдын арманы» кирет. Ак Мактым ж‑дөгү уламыштын пайда болгон убагын шарттуу түрдө 15‑к‑га ыйгарса болот. «Мактым кыздын» сюжета (Ю. Бостоновдун варианты б‑ча) кара сөз ж‑а ыр аралаш айтылат. Уламышта калмактын Асан пашасы иниси Чинтайчынын кошуну м‑н Күрөбөскө келип, Мактым сулууну алып кетүүнү көздөшөт. Мактым кыз Телтору атын токуп, шашып качууга камданат. Кыз качып баратканда «кырк кулач чачы» чечилип кетип, атынын туягына оролуп, ат жүгүрө албай чалынып жыгылат да, Мактым калмактардын колуна түшөт. Андан ары окуя Мактым кыздын баатырдык көрсөтүп, эркиндикке чыгышы м‑н бүтөт.