«АКИпресс»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:14, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 (AKIpress) – маалымат таркатуу иштерин жүргүзүүчү компания. 1993‑ж. уюшту­рулган. Ал: «АКИпресс» маалымат агентчили­ги, «АКИпресс» – Фергана (Тажикстан, Өзбек­стан), «АКИпресс»-Казакстан, «АКИпресс» тал­доо (аналитикалык) журналы, АКИ – «Жёлтые страницы» («Сары барактар»), «АКИпресс» бас­ма сөз борборлору ж‑а жаштардын «Лимон» ге­зити деп аталган беш тармактан түзүлгөн. «АКИпресс» маалымат агентчилиги 2000‑ж. не­гизделген. Бүгүнкү күндө КРдин глобалдык Ин­тернет системасында иштеген көз каранды эмес биринчи массалык‑маалымат каражаты болуп саналат. Анын кызматынан азыркы учурда Кырг‑ндын басма сөз ж‑а электрондук маалым­доо каражаттарынын көпчүлүгү, мындан сырт­кары, Борб. Азия, КМШ, Европа ж‑а Америка өлкөлөрү (Ассошиэйтед Пресс, Рейтер, Франс Пресс, Интерфакс, ИТАР ТАСС, РИА «Новости», маалымдоо агентчиликтери, «Азаттык», «Би‑би­си» радиосу ж. б.) кеңири пайдаланат. М. Молдалиева.