АК ДЕҢИЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:14, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– Түн. Муз океанындагы ички де­ңиз. Кола ж‑а Канин ж. а‑нын аралыгында. Түндүгүнөн Горло ж‑а Воронка кысыктары ар­кылуу Баренц деңизи м‑н туташат. Аянты 90 миң км2. Эң терең жери 350 м. Түн.-батыш жээ­ги бийик ж‑а аскалуу, түш.-чыгыш жээги жан­тайыңкы, жапыз. Ири булуңдары: Мезень, Дви­на, Онега, Кандалакша. Эң ири аралдары: Со­ловец, Мудьюг, Моржовец. Түн. Двина, Мезень, Онега, Выг, Нива ж. б. дарыялар куят. Суусу­нун темп‑расы жайында 6°Сден 15°Сге чейин, кышында 1°Сден төмөн. Туздуулугу 24төн 34,5%оге чейин. Кышында муз каптап турат. Суткада эки жолу ташкындайт (бийиктиги Ме­зень булуңунда 10 мге чейин жетет). Балык (сельд, навага, сига), түлөн кармоо өнүккөн. А. д. – Балтика каналы аркылуу Балтика де­ңизинин алабындагы көлдөр ж‑а дарыяларга, Волга – Балтика суу жолуна, б. а. Каспий, Азов ж‑а Кара деңиздерге чыгат. Башкы порттору: Архангельск, Онега, Беломорск, Кемь, Канда­лакша.