АК-БОГУС АШУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:14, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
Академик Адышев кыр­ка тоосунун Ак‑Богус (түн.) ж‑а Дагдул (түш.­батыш) тармактарынын кошулган жеринде. Де­ңиз деңг. 3800 м бийиктикте. Ак‑Богус (түш.­чыгыш) ж‑а Буйга (түн.-батыш) өрөөндөрүн бай­ланыштырган эки айрыктан турат; төмөнкүсү Калмак‑Суу, жогоркусу Ак‑Богус. Калмак‑Суу ашуусу тик, аскалуу, Ак‑Богус тайпаң жон, кум шагылдуу ж‑а байыркы мореналуу. А.-Б. а. ар­кылуу Алайкуу өрөөнүн Ажыке ж‑а Гүлчө өрөөндөрү м‑н байланыштырган автомобиль жолу өтөт. Чыгыш капталы тик, арча токой­луу шалбаа, батышы жантайыңкы, альп шал­баа ж‑а субальп шалбаалуу талаа ландшафтта­ры мүнөздүү. Июнь–октябрь айларында ашуу ачык. Топонимдин 2‑бөлүгү кыргыз диалектин­де ж‑а айрым түрк тилдеринде «богус», «богоз», «богос», «бугаз» формаларында кездешип, тоо­лордогу өткөөл, булуң, кокту‑колоттордун ко­шулган жери, суу куймасы маанисин туюндурат.