АК-ДӨБӨ - Талас облусундагы кыштак
Jump to navigation
Jump to search
Орловка, Кызыл‑Чарба– Талас обл‑нун Бакай‑Ата р‑ндагы кыштак. АкДөбө айыл аймагына караштуу. Талас – Тараз (Казакстан) автомобиль жолунун боюнда, Талас д‑нын сол жээгинде, деңиз деңг. 1070 м бийиктикте. жайгашкан. Райондун борбору Бакай‑Ата кыш‑нан 13 км түн.-чыгыш тарапта. Тараз (Казакстан) темир жол бекетинен 95 км. 1891‑ж. отурукташкан. Калкы 4290 (2009); негизинен дыйканчылыкта ж‑а мал чарбасында эмгектенет. Талас д‑нан чыгарылган Чоң Талас каналы айылды батыш тарабынан кесип өтөт. Эки орто мектеп, китепкана, бала бакча, амбу
латория, турмуш‑тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Жеке менчик «Боорукер» үйү ачьшган (1994; үй ээси А. Боромбаев). Анда кароосуз калган кары‑картандар багылат. Кыштакта КРнын эл сүрөтчүсү Т. Герцен туулган.