АКВАЛАНГ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(лат. agua – суу, анг. lung – же­ңил) – адамдын суу астында дем алышы үчүн жонуна асынып жүрмө автономиялуу аппарат.

1943‑ж. фр. Ж. И. Кус­то м‑н Э. Ганьян ой­лоп чыгарган. Кысыл­ган абалуу баллондон ж‑а дем алдыргыч ап­параттан турат. КөбүнАквалангдын түзүлүшү: 1- аба толтурулган бал­лон; 2- дем алдыруучу автомат; 3- дем алды­руучу түтүк; 4- дем чы­гаруучу түтүк; 5- томо­го; 6- кур.
чө суу астындагы спортто, чөгүп бараткан­дарга жардам берүүдө, суу астындагы изилдөө иштеринде, тех. жумуштарда, балык уулоодо ж. б‑да колдонулат. Бирок, кысылган абадагы азот адамга талыкшытуучу терс таасир тийгиз­гендиктен, аны м‑н 40 м тереңдиктен төмөн түшүүгө болбойт.

АКВАЛАНГ37.png