АКАДЕМИК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:11, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– академиянын анык мүчөсү (мис., КР УИАсынын анык мүчөсү). Ал академия­нын Жалпы чогулушунун жашыруун добуш

берүүсү м‑н шайланат. КР УИАнын ардактуу академиги деген да наам берилет. А. наамы бир катар чет өлкөлөрдө да бар. Мурун СССР илим­дер академиясынын, союздук респ‑лардын академияларынын, Москвадагы Ленин атн. Бүткүл союздук айыл чарба академиясынын (ВАСХНИЛ) академиги – анык мүчөсү деген наамдар ыйгарылган. Азыр кыргыз окумуштуу­ларынын ичинен чет өлкөлөрдүн ар кандай ака­демияларына мүчө (академик) болгондор бар.