АЙЫПКЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:11, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– сот процессине чейин тергөө жү­рүшүндө ага карата тергөө токтому чыккан адам. А‑дин жазык иши сот отуруму (заседаниеси) дайындалгандан кийин соттолуучу адам деп аталат. Айыпталуучунун кылмыш иш жасал­гандыгы ж‑дө далилдер толук болгондо гана тергөөчү токтом чыгарат. Токтом ким тарабы­нан, качан, кайсы жерде түзүлгөндүгү, А. ката­рына тартылуучу адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, кылмыш кайсы убакта, кайсы жерде, кандай жагдайда, ошол адамдын жаса­ган кылмышы КРдин Жазык кодексинин кай­сы статьясы м‑н жазаланары көрсөтүлөт. А. өзүнүн эмне үчүн айыпталып жаткандыгын билүүгө, коюлган айып б‑ча көрсөтмө ж‑а түшүнүк, далил, өтүнүч берүүгө, анын адвока­ты, жазык иш тергелип бүткөндөн кийин иш­теги материалдар м‑н таанышууга укуктуу. Тергөөдө ж‑а сотто А. тергөөчүнү, экспертти, котормочуну, прокурорду жазык иштен четте­тилишин сурап, өтүнүч жасай алат, сот отуру­муна катышып, иш б‑ча талап коёт, аппелля­ция иретинде каралган ишке катышып, ти­йиштүү өтүнүч м‑н кайрыла алат. Адвокаты тергөө ж‑а сот органдарынын буйруктарына баш ийүүгө милдеттүү, өз эне тилинде сүйлөөгө ж‑а котормочунун кызматынан пайдаланууга укук­туу. Буга А‑дин коргоочусу да укуктуу. Тергөө ж‑а сот органдары А‑дин укугунун толук атка­рылышын камсыз кылууга милдеттүү. А. кор­гоочудан ар убакта баш тартууга укугу бар. Кор­гоочу м‑н келишим түзүлгөндөн кийин А‑дин баш тартуу укугу жок. А‑дин жакын тууганда­ры жактоочу катары сот заседаниесине гана ка­тыша алышат. Тергөөдө адвокат гана катышат.

К. Сманов.