АЙЫЛ ЧАРБА АВИАЦИЯСЫ
Jump to navigation
Jump to search
– өсүмдүктү илдет, зыянкечтерден коргоо, отоо чөптү, жайыт ж‑а чабындыда пайдасыз бадалдарды жок кылуу, түшүм жыйноо алдында нахта жалбырагын түшүрүү, минер. жер семирткич чачуу, жайытка чөп эгүү, жандыктарды, а. ч. шаймандарын ташуу, мед. ж‑а вет. жардам (оорулуу адамдарды ташуу, дары‑дармек жеткирүү ж. б.) көрсөтүү ж. б‑да пайдаланылат. А. ч‑нда АН‑2, АН‑2М, ЯК‑12 самолёттору, МИ‑1НХ, КА‑15, МИ‑1, МИ‑2 вертолёттору колдонулат. Аларда суюк химикат, минер. жер семирткич, чөп уругун ж. б. чачуучу атайын аппаратуралар орнотулган. Анын жардамы м‑н бардык өсүмдүктөрдүн (айрыкча пахта, эгин, кант кызылчасы) зыянкечтерине каршы күрөш жүргүзүлөт. Өсүмдүк зыянкечи м‑н илдет козгогучунун түрүнө жараша күкүмдөлгөн кургак пестицидди (1 га жерге 10‑40 кг), суюк уу химикаттарды (1 га жерге 5‑50 л) 5–10 м бийиктиктен чачат (чаңдатат). Уу химикатты майда тамчылатып чачуу ыкмасы жакшы натыйжа берип, суюктук аз (5‑25 л) жумшалат. Мындай чандатып чачуу иштери адатта эртең м‑н (саат 4төн 9га чейин), кечинде (саат 17ден 20га чейин) жүргүзүлөт.