АЙТМАТОВ Төрөкул

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:11, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
Төрөкул (1903, Олуя‑Ата уезди, Күркүрөө болушу, азыркы Кара‑Буура р‑ну, Ше­кер айылы – 1938, Фрунзе) – саясий ж‑а мамл. ишмер. 1917‑ж. орус‑жерг. мектебин, 1924‑ж. Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунист- тик ун‑тин бүтүргөн. 1920–21‑ж. болуштук рев­комдун, Грозный кыш‑ндагы жарды‑жалчылар к‑тинин секретары, 1924–26‑ж. ВКП(б)нын Кыр­гыз обкомунун агитация ж‑а пропаганда бөлүмү­нүн башчысынын орун басары ж‑а башчысы, 1926–29‑ж. Каракол‑Нарын округдук к‑тинин, Жалал‑Абад кантондук к‑тинин секретары, 1929–31‑ж. Кыргыз АССРинин өнөр жай‑соода эл комиссары ж‑а Эл чарбасынын борб. совети­нин төрагасы, 1931–33‑ж. партиянын Араван­Буура райкомунун 1‑секретары, 1934–35‑ж. ВКП(б)нын Кыргыз обкомунун 2‑секретары бо­луп иштеген. 1935–37‑ж. Москвадагы Кызыл профессура ин‑тунда окуган. Анын демилгеси

м‑н 1926‑жылдан кыргыз тилинде «Коммунист» парт.-саясий журналы чыга баштаган. А. 1927­28‑ж. респ‑нын түштүгүндө жер‑суу реформасын жүргүзүү үчүн түзүлгөн комиссияны жетектеген.
1937‑ж. 1‑декабрда жазыксыз камакка алынып,

АЙТМАТОВ 18.png

ага «куралдуу жол м‑н Совет бийлигин кулатууну ж‑а Англиянын протекторатынын астында буржуа­зиялык‑улутчулдук мамлекетти түзүүнү милдет кылып алган, Кырг‑нда бети ачылып, жок кылынган контр­революциячыл‑улутчул «социал‑туран» партиясынын көрүнүктүү ишмери» деген күнөө коюлган ж‑а 1938‑ж.
5‑ноябрда атылган. 1957‑ж. акталып, партия­луулугу калыбына келтирилген. Сөөгү 1991‑ж. Чоң‑Таш айылындагы Ата‑Бейит көрүстөнүнө ариет – аза м‑н коюлган. Туулуп‑өскөн жери ­Шекер айылындагы мектепке А‑дун ысмы кою­луп, эстелиги орнотулган (1992).