АЙСБЕРГ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:11, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(англ. iceberg, голл. Ijsberg; ise, ijs ­муз, berg – too) – океан м‑н деңиздерде калкып жүргөн же алардын тайыз жеринде токтоп кал­ган муз тоо. Ал материк муздарынын четтери­нен омурулуп бөлүнүшүнөн пайда болот. Кө­лөмүнүн 83–90% и суу астында; суу үстүндөгү бөлүгүнүн орт. бийикт. 5 мден жогору, Аркти­када 10 м, Антарктидада 100 м. Узуну ж‑a туу-
АЙСБЕРГ1.png

расы бир нече кмге жетет (к. сүрөт). Ири А‑дер Антарктика, Канадалык Арктика а‑нда ж‑а Гренландияда көп пайда болот. А. деңиз катна­шуусу үчүн опурталдуу (мис., 1912‑ж. «Титаник» ж‑а 1959‑ж. «Хедтофт» кемелери А. м‑н болгон кагылышуу). Түн. Атлантикада А‑ге байкоо жүр­гүзүү б‑ча «Муздагы күзөт» кызматы иштейт.