АЙРЫ-ТАМ
Jump to navigation
Jump to search
_ Жалал‑Абад обл‑нун Ала‑Бука р‑ндагы кыштак. Биринчи Май айыл аймагынын борбору. Райондун борбору Ала‑Бука кышнан 56 км түш.-батыш тарапта. Наманган темир жол бекетинен 55 км. 1950‑ж. отурукташкан. Деңиз деңг. 830 м бийиктикте. Калкы 4117 (2009). Дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто ж‑a муз. мектеп, бала бакча, мад‑т үйү, эки китепкана, оорукана, амбулатория, спорт комплекс (500 орундуу), дарыкана, тегирмен, май чыгаруучу цех бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.