АДВЕНТИКА ОРГАНДАРЫ
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
(лат. adventicius келгин, адаттан тышкары) – өсүмдүктүн калыптанып бүткөн бөлүктөрүнүн адаттан тышкары жеринде, экинчи түзүүчү ткандардан пайда бол гон көмөкчү органдар (бүчүрлөр, тамырлар).
Мис., адвентивдик бүчүрлөр адаттагыдай сабактын учуна же муунуна – жалбырак колтугуна чыкпастан, сабактын муун аралыгында, жалбыракта ж‑а тамырда пайда болот; ал эми ад вентивдик тамырлар сабактан, жалбырактан өсүп чыгат. Алар өсүмдүк шагын, тамыр системасын байытат, кээде негизги тамырларга тете болот. А Мурсалиев.