АДМИРАЛТЕЙСТВО
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
– 1) 17–19‑к. Франция, Нидерланд, Испания ж. б. өлкөлөрдөгү аскердеңиз күчтөрүн башкаруучу ж‑a командачылык кылуучу жогорку орган. Учурда А. Улуу Британияда гана сакталып калган. Ал 1690‑ж. негизделип, 1869‑жылдан А‑нун биринчи лорду жетектейт (ал ошол эле учурда деңиз ипггери б‑ча министрдин да кызматын аткарат); 2) СанктПетербургдагы имарат; орус империясынын эң көрүнүктүү эстелиги. Ал Петр Iнин өзүнүн чиймеси б‑ча Балтика деңизинде Неванын жээгине биринчи орус кеме куруучу верфи катары 1704‑ж. салынган. 1711‑ж. башкы фасаддын ортосуна шпили м‑н мунара тургузулган. 1732– 38‑ж. таш м‑н кайра курган кезде (арх. И. К. Ко робов) мунаранын бийикт. 72 мге жетип, шаардын арх‑ралык композициясынын ролун күчөткөн. 1806–23‑ж. арх. А. Д. Захаровдун долбоору б‑ча П түрүндөгү планды сактоо м‑н чоң курулуштар тургузулган. Анын скульптуралык кооздук жасалгаларын В. И. Демут‑Малиновский, Ф. Ф. Щедрин, И. И. Теребенёв, С. С. Пи менов ж. б. аткарышкан. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында имарат жабыркаган, 1945– 56‑ж. калыбына келтирилген (архитектор В. И. Пилявский, скульптор Я. А. Троупянский, худ.
В. И. Щербакова). А. ансамбли Санкт‑Петербургдун санжыргаларынын бири.
Ад.: Пилявский В. И. Главное адмиралтейство в Ленинграде. Л.; М., 1945; Сашонко В. Н. Адмиралтейство. 3‑изд. Л., 1982.