АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГООНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – КРдин Конституциясында каралган, жогорку юрид. күчкө ээ экол. укуктун негизги жоболору. КРдин Конституциясы б‑ча өлкөнүн ар бир жараны ден соолугуна жагымдуу ж‑а жашоосуна ыңгайлуу чөйрөдө жашоого, о. эле табият ресурстарын пайдаланууда ден соолугуна, мүлкүнө зыян келтирилсе чыгымын төлөтүп алууга укуктуу. Ошол эле учурда айлана‑чөйрөнү, табигый ресурстарын ж‑а тарыхый эстеликтерди коргоого милдеттүү. Мамлекет тарабынан адамдын эркиндиктери ж‑а укуктары, табият ресурстарын туура пайдалануу, айлана‑чөйрөнү коргоо, экол. коопсуздукту сактоо иш‑аракеттери жүргүзүлөт. КРдин Өкмөтү экология тармагында бирдиктүү мамл. саясат жүргүзүүнү, мыйзамдуулукту, жа­рандардын эркиндиктерин ж‑а укуктарын, мен­чиктерин сактоону камсыздайт. А.-ч. к. к. н. КРдин айлана‑чөйрөнү коргоо ж‑дөгү, экол. экспертиза мыйзамдарында, Жер (2. 6. 1999), Токой (8. 7. 1999) кодекстеринде, атм‑ны кор-

гоо ж‑дөгү (12. 6. 1999) ж. б. нормативдүү укук­тук актьшарда белгиленген. А. Чоров.