АЙДАРБЕКОВ Иманаалы
Иманаалы (1894, Бишкек уезди – 1937) – саясий ж‑а мамл. ишмер;
Совет бийлигин орнотуу ж‑а чыңдоо үчүн жигердүү күрөшкөндөрдөн. 1909‑ж. Пишпектеги а. ч. техникумун бүтүргөн. 1918–20‑ж. Пишпек уезддикшаардык совет аткомунун, 1920–21‑ж. Каракол уезддик ревкомунун мүчөсү, 1921–23‑ж. Пишпек уездцик советинин аткомунун төрагасы, 1923– 24‑ж. Жети‑Суу обл. жер бөлүмүнүн башчысы, облаткомдун төрагасы, 1924‑ж. Кыргыз автономия обл‑нун ревкомунун төрагасы болуп дайындалган. 1925–26‑ж. Ташкентте «Орто Азиядан» кеңсесинде башкармалыктын мүчөсү болгон. 1927–29‑ж. Кыргыз АССРинин жеңил өнөр жай ж‑а соода эл ко миссары, 1930–31‑ж. Кыргыз а. ч. банкынын башкармалыгынын мүчөсү, Кыргыз АССР юс тиция эл комиссары, Кыргыз АССРинин Баш
кы сотунун төрагасы болуп иштеген. А. Советтердин болуштук, уездик, обл. съезддерине бир нече ирет делегат болуп шайланган. Ак‑Суу козголоңун, Нарындагы көтөрүлүштү басууга катышкан. Совет бийлигин чыңдоого жигердүү катышкандыгы үчүн Кыргыз АССР Борб. аткомунун Ардак грамотасы м‑н сыйланган. 1937‑ж. жалган жалаа м‑н атылган. 1991‑ж. сөөгү Ата‑Бе йит көрүстөнүнө ариет‑аза күтүү салты м‑н кайра коюлган.