АЙГЫР-ЖАЛ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – б. з. 1–5‑к‑ында Теңир‑Тоо аймагында жашаган көчмөн уруулар­га таандык археол. эстелик. Нарын ш‑нын ба тыш тарабында (7 км) жайгашкан. Бийикт. 0,3— 0,8 м, диаметри 12 м чейин келген 100гө жакын дөбө‑мүрзөлөрдөн турат. Көрүстөндө адамдар жалгыз, кээде түгөйү м‑н казанактуу ж‑а жар­ма көрлөргө башы кыбыланы каратып коюл ган. Көрүстөндөн карала, жыгач идиштер, бы­чак, жебенин учу ж. б. табылган. Байыркы түрк дооруна таандык жоокердин ээр‑токумдуу аты м‑н кошо көмүлгөн көрүстөндөр да кездешкен.

1954‑ж. А. К. Кибиров тарабынан изилденген. Бүгүнкү күндө эстелик толук сакталган эмес.
К. Табалдиев.