АЗАМАТ АЛТАЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Кожомбердиев К у­дайберген (19. 9. 1920, Ысык‑Көл обл., Тоң р‑ну, Корумду айылы – 26. 5. 2006, Нью‑Йорк) – журналист, публицист, коомдук ишмер, «Эркин Европа – Азаттык радиосунун» кыргыз уктуруу кызматынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Түп р‑нундагы Ысык‑Көл зооветтехникум­дан билим алган. Токмоктон комсомолдук курс­ту бүтүрүп келип, комсомолдун Тоң райкомунда бөлүм башчы болуп иштеген. 1940‑ж. Советтик 

Армияга чакырылып, Литванын Каунас ш‑нда
аскердик курста болгон. Улуу Ата Мекендик
согуш башталганда урушка кирип, Литва аймагында
фашисттердин туткунуна түшкөн (1941). Туткун­дан эки жолу качып чыгууга аракет жасаган. 1945‑ж. үчүнчү жолу качып чыгып, француз

АЗАМАТ АЛТАЙ14.png

партизандарына кошулат.
Согуш аяктагаидан кийин СССРде туткундарга карата алынган катаал чечимдерге байланыштуу эл‑жерге кай­тып келүү мүмкүн болбой,
Францияда калып калган.
Ал жерде чыгыш таануучу Александр Бенигсен м‑н таа-
нышып, О. Азиянын коом­дук‑маданий турмушуна байланыштуу
материалдарды топтоп, басма сөз маалыматтарын Батыштын илим чөйрөсүнө киргизүүгө чоң аракет жасаган. 1951‑ж. Герма­нияда «Түрк эли» деген журнал уюшулуп, анын башкы редактору болуп шайланган. 1953‑ж. журналдын ордуна «Азаттык» радиостанция­сы ачылып, анда кабарчы, диктор, директору болуп иштеген. 1975‑ж. 18‑мартта «Азаттыктын» кыргыз тилиндеги алгачкы берүүсүн (учурда
1960‑ж. «Азамат Алтай» деген атты алган. «Эр кин Европа – Азаттык» радиосунун кыргыз кыз­маты катары иштеп жатат) обого алып чык кан. 50‑жылдардын аяк ченинен Нью‑Йоркто­гу (АКШ) Колумбия ун‑тинин ил. китепкана­сынын Чыгыш адабият бөлүмүн жетектеп, түркология ж‑а кыргыз таануу б‑ча он миңде­ген нускадагы китеп фондун түзгөн. Ал АКШда жүргөндө да «Азаттык» радиосу м‑н кызматта­шып турган. 1970‑ж‑дын аягында Мюнхен­ге келип, 1984–88‑ж. «Азаттык» радиосунун ди­ректорунун кызматын аткарган. 1995‑ж. 24‑ав­густтан 11‑сентябрга чейин «Манас» эпосунун миң жылдык мааракесине чакырылып, сый ко нок катары мекенине келип кеткен. 1950‑жыл­дан кыргыз тарыхы, мад‑ты, ад‑ты б‑ча чогулт­кан бай архивинин бир бөлүгүн 1995‑ж. Жа­лал‑Абад мамл. ун‑тине тартуулаган.