АТЫРАУ ОБЛУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (мурдагы Гурьев облусу) Казакстан Респ-нын түн.-батышында. 1938-ж. 15-январда түзүлгөн. Аянты 118,6 миӊ км2. Калкы 555,2 миӊ (2013). А. о-нун курамында 7 адм. район, 2 шаар, 15 шаарча бар. Борбору ‒ Атырау ш. Каспий бою ойдуӊунда жайгашкан; түндүгүнөн Каспий деӊизи м-н чулганат. Климаты кескин континенттик. Январдын орт. темп-расы ‒3,5°…‒5°Сге чейин, июлдуку 24°‒25°С. Шамал дээрлик тынымсыз согуп турат (орт. ылдамдыгы 6‒7 м/сек). Жылдык жаан-чачыны 150‒200 мм. Башкы дарыялары: Урал ж-а Эмба. Ири көлдөрү: Индер, Жамансор, Айгыр-Көл ж. б. Туздуу көлдөр да кездешет. Күрөӊ, шортоӊ ж-а шор топурактуу. Дан өсүмдүк-шы бактуу жарымчөл ж-а шыбак-баялыштуу чөл ландшафты мүнөздүү. Негизги өнөр жай тармактары: нефть, хим., балык. Облустун аймагынан нефть ж-а газдын ири кени табылган. Индер көлүндө калий тузунун мол запасы бар. Айыл чарбасынын негизги тармагы ‒ кой чарбасы; о. эле уй, жылкы, төө асыралат. Тоют ж-а жашылча-бакча өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Атырау ‒ Орск, Атырау ‒ Уральск, Атырау ‒ Шевченко нефть куурлары бар. Каспий деӊизинде мезгил-мезгили м-н кеме жүрөт.