АЙРАН-СУУ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ
Jump to navigation
Jump to search
– дарыланууга ж‑а ичүүгө жарамдуу минералдуу суу булактары. Москва р‑нунда, Ак‑Суу кыш‑нан 30 км түштүктө, Ак‑Суу (Жар‑Таш) минералдуу суусунан 3 км түш.-батышта, деңиз деңг. 2500 м бийиктикте. Суу жерг. элге илгертен белгилүү. Алгачкы геол. маалымат 1956‑ж. берилген. Суу аймагын ордовик мезгилинде пайда болгон кумдук, акиташ теги, сланец түзөт. Минералдуу суу булактары түн.-чыгышка карай созулуп жатат.