АЙНЕК БУЛАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:28, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 – эритилген айнектен түрдүү жолдор м‑н даярдалган жасалма материал. Диа­метри 3,5‑100 мкм, уз. 20 км болгон үзгүлтүксүз ж‑а диаметри 0,5 – 20 мкм, уз. 1‑50 см штапел­дик болуп 2 түрдө жасалат. Ал ысыкка чыдам­дуулугу (мис., кварц, кремнезем, коалин була­лары 1000°Сге чыдайт), диэлектриктик жогор ку касиети, жылуулукту начар өткөрүшү ж‑а бышыктыгы, хим. туруктуулугу м‑н мүнөздө­лөт. А. б. текстиль буласы ж‑а жылуулук

өткөрбөөчү була болуп бөлүнөт. Азыр була алуу­нун технол. үч түрү – эритилген айнек масса­сын чоюп‑созуу, айнек массасын борбордон чет­төөчү күчтүн жардамы м‑н агымдарга ажыра туу, үйлөө ыкмалары колдонулат. Була хим. курамына жараша 500‑700°Сде гана жумшара баштайт. Техникада А. б. чыйратылган жип, тасма, кездеме, кездеме эмес материал түрүндө бышыктагыч (армирлөөчү), о. эле жылуулукту эң начар өткөргөндүктөн жылуулук сактагыч чыпка, электр өткөрбөгүч материал катары пай­даланылат. Андан жасалган материалдарды по лиэфир, кремний, орг. чайыр м‑н чапташтыр­ганда жеңил, бекем, чыдамдуу материал алы нат. Айнек текстолити ж‑а айнек волокнити деген түрлөрү бар. Айнек кебези (диаметри 10­30 мкм була) жылуулук өткөрбөөчү материал болгондуктан имараттарды жылуулоо, түтүктөр­дү ороо үчүн, акустикалык материал ж‑а катмар­луу дубал панелдери, жабуу плиталары, бөлмө­лөрдүн тосмо констр‑лары катары колдонулат.