АЙЛАНУУ КЫЙМЫЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:28, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 – нерсенин кыймыл сыз окту же чекитти айланып кыймылдоосу. Жаратылышта ж‑а техникада өтө көп кездешет. Мис., планеталардын өз огунда айлануусу, ста­ноктун, механизмдин, агрегаттын бөлүктөрүнүн А. к. Катуу нерселердин А. к. эки түрдүү болот:
кыймылсыз окту айланганда катуу нерсенин чекиттери, борбордун кыймылсыз бир түз сызыкта жаткан радиустары ар түрдүү чоңдуктагы айланалар б‑ча кыймылдайт. Ал эми кыймылсыз түз сызык болсо айлануу огу деп аталат. А. к‑нын негизги кинематикалык мүнөздөмө­лөрү болуп бурчтук ылдамдык ж‑а бурчтук ылдамдануу эсептелет. Катуу нерсенин кан­дайдыр бир чекитинин сызыктуу ылдамдыгы 3 айлануу огунан бул чекитке чейинки аралыкка түз пропорциялаш: S=Ra>, R –айлануу огунан нерсенин берилген чекитине чейинки аралык, со – бурчтук ылдамдык. Ар кандай убакытка туура келген А. к‑нда нерсенин чекиттеринин бурулуу бурчтарынын чоңдуктары бирдей;
кыймылсыз чекитти айланганда катуу нерсенин чекиттери борбордо ошол кыймылсыз че­кит болгон сфералык бет б‑ча кыймылдашат. Нерсенин ар кандай чекитинин ылдамдыгы S=Ra>, мында R – радиус‑вектор. А. к‑нын дина­микасынын негизги формуласы: Mcbrsri=AL/At,

мында ADL – нерсенин импульс моментинин At убакытта кыймылсыз чекитке карата өзгө­рүшү, Мсырт – ошол чекитке карата нерсеге ара кет эткен бардык күчтөрдүн моменттеринин сум­масы.