АЙДОО АЯНТЫНЫН СТРУКТУРАСЫ
Jump to navigation
Jump to search
– жал пы айдоо аянтында ар бир а. ч. өсүмдүгүнө туу ра келүүчү жер өлчөмүн көрсөтүүчү бирдик. Ал а. ч. өндүрүшүнүн өнүгүү деңгээлин, адистештирилишин билдирүүчү көрсөткүчтөрдүн бири. Район, чарба б‑ча которуштуруп айдоо жерге ж‑а топурактын ар түрдүүлүгүнө жараша бөлү нөт. Ал туура белгиленсе, жерди үнөмдүү пайдаланууга шарт түзүлөт. А. а. с‑нын башкы милдети – айдоо бирдигинен ж‑а которуштуруп айдоо аянтынан көп түшүм алуу. Айдоо структурасы ар бир региондун климаттык шартына, жер кыртышынын өзгөчөлүгүнө, чарбанын экономикасына ж‑а техника м‑н камсыз болушуна жараша түзүлүп, ил. жактан негизделип, А. а. с. которуштуруп айдоонун негизин тү зөт. Сугат жерди дыйканчылык шартында которуштуруп айдоодо чарба жерин туура уюш туруу ж‑а рационалдуу айдоо структурасы (ар бир зонанын топурагына жараша) камсыз бо-
лушу керек. Бул сугат жерди натыйжалуу пайдаланууга, механикалаштыруунун негизинде эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк берет.