АЙГҮЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:28, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Эдуард чаар г ү л ү \Petilium eduardii (A. Regel ex Lozinsk) Vved.] – лилия гүлдүүлөр тукумундагы пияз түптүү өсүмдүк. Көп жылдык поликарптык эфемероид. Пияз түбү саргыч – ички, күңүрт‑боз, сырты кабыкчалуу, жытсыз, ири жумуру, тоголок сымал, калың дыгы 4‑9 см. Сабагы тик, түксүз, бийикт. 37­95 см, бир кылка, орто чени жалбыраксыз, са­бактагы жалбырактары ачык жашыл, узун лан­цеттүү, сабагынын жарымын курчаган, учтуу, төмөнкү жалбырактарынын уз. 10‑15 см, туу­расы 5‑12 см, гүл жан жалбырактары сабакта­гыларынан ичке ж‑а кыска, сызыктай, чоку­сунда чатырча топ гүлү бар. Гүлдөп турган өсүмдүктө 20‑40 сабагы ж‑а 5‑25 чоку жал бырактары, гүл тобунда 15ке чейин (көбүнчө 4-

гүл болот; гүл коргону ачык кызыл, жазы коңгуроодой, уз. 4,5‑6,5 см, узунча‑ланцеттүү. Мөмөсү – кургак кутуча, уз. 6‑7 см, уругу май да, күрөң. Пияз түбү 15‑30 см терендикке чейин өсүп, кар кеткенде тез эле өнүп чыгат. Марттын башынан майдын аягына чейин гүлдөп, бир гүлү 15 күнгө чейин турат. Тажикстан, Өзбекстан,
Түн. Афганстан, Кашмир (Индия) ж‑а Кырг‑нда кез дешет. Кырг‑нда Түркстан тоо кыр­касында (Айгүл­таш тоосунун түн. капталында, Ко­зуланташта ж‑а Баткен ш‑нын түш. чыгышын­да, Исфара суусу нун алабында, Лайли‑Мазар суу-

АЙГҮЛ47.png

сунун сол жээгиндеги капчыгайда) өсөт. А өскөн аймактарга «улуттук парк» деген статус берип, аны коргоо б‑ча кеңири түшүнүк иштерин жүр­гүзүп, пияз түбүн казып алууга ж‑а мал жаюуга тыюу салып, ботан. бакта өстүрүлүшү керек. Кырг‑ндын Кызыл китебине киргизилген.
К. Т. Шалпыков.