АЗОТ ТОПТОО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:26, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 – атм‑дагы мол. азотту (N2) азот туу бирикмелерге айландыруу процесси. Азотту ар кандай азот топтоочу микроорганизмдер

(бактериялар, актиномицеттер, ачыткыч козу карындар, козу карындар, көк жашыл балыр­лар) топтойт. А. т. – жаратылышта азоттун айлануусунда чоң роль ойноочу маанилүү биол. процесс. 1 га топурактын үстүндөгү атм‑да 70 миң тэркин абалдагы азот кармалып турат. А. т‑нун натыйжасында анын бир бөлүгү жо горку түзүлүштүү өсүмдүктөр үчүн пайдаланы­лат. Көк жашыл балырлар шалы плантация­сында гектарына бир жылда 200 кг азот топ тойт. Буурчак өсүмдүктөрдөгү түймөк бактерия­лардын аракетинен бир сезондо 100‑250 кгга чейинки азот топуракка сиңирилет. Бул про­цесстин а. ч. өсүмдүктөрүнүн түүмдүүлүгүн арт­тыруу ж‑а топурактын асылдуулугун жогору­латуу үчүн эң чоң мааниси бар. Ошондуктан чанактуулардын уругун түймөк бактериялардын препараттары м‑н аралаштырып себишип, ки йинки жылы анын ордуна дан өсүмдүктөрүн ай­дашат. А. т‑ну изилдөө өтө маанилүү. 1894‑ж.
С. Н. Виноградский А. т‑нун натыйжасында аммиак (NH3) пайда болоорун болжолдоп айт­кан. Азыркы убакта азоттун оор изотобун ((N15) колдонуу м‑н жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө анын тууралыгы аныкталды. А. Н. Бах А. т‑ну (1934) окистендирүү‑калыбына келтирүүчү ферменттер­дин аракеттеринин натыйжасы деп ойлогон. Мол. азоттун (N2) аммиакка (NH3) чейин ка­лыбына келиши курамында темир, молибден, магний болгон ж‑а электрондорду N2 ташуучу ферменттик системанын катышуусу м‑н ишке ашары ырасталган. А. т‑чу ферменттик систе ма N2hhh калыбына келишин катализдейт. Мында керектелүүчү энергия аденозинтрифосфат­тан (АТФ), калыбына келтиргичтен, мис., мол. суутектен (Н2) же сульфит гидратынан (Na2S204) алынат. Ошентип, ферменттердин жардамы м‑н жүрүүчү А. т. кычкылтекти керектебестен эле, калыбына келүүчү процесс болуп саналат. А. т‑нун мааниси өтө чоң. Б. Бегалиева.