АЗОВ ДЕҢИЗИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:26, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 (лат. – Меот көлү, байыркы орусча – Сурож деңизи) – Атлантика океаны­нын алабындагы ички деңиз. Чыгыш Европа түздүгүнүн түш. бөлүгүндө. Керчь кысыгы аркы луу Кара деңиз м‑н туташат. Аянты 39 миң км2.

Тайыз деңиздерге кирет; эң терең жери 13 м. Түн. ж‑а түш. жээктери дөбө‑дөңсөөлүү, жардуу, ба тыш ж‑а чыгыш жээктери негизинен ойдундуу. Жээктери булуң‑буйткалуу, кумдуу саяндар (Бердянск, Арабат Жебеси) ж‑а булундар (Та ганрог, Темрюк, Сиваш) көп. Дон ж‑а Кубань д. куят. Суусунун темп‑расы жайында 20‑30°С, кышында 0°Сден төмөн. 2‑3 ай бою муз кап тал жатат. Орт. туздуулугу 9дан 13,8%оге чейин. Балык (хамса, тюлька, лещ, судак көбүрөөк) кармалат. Кеме жүрөт. Волга‑Дон каналы ар кылуу Каспий, Ак, Балтика деңиздери м‑н ту ташат. Башкы порттору: Жданов, Таганрог, Ейск, Бердянск. Курорттору бар.