АЗОБЕНЗОЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:26, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 C6H5N=NC6H5– ароматтык эң жөнөкөй азобирикме, мол. с. 182,22. Саргыч­кызыл кристалл. Б. эрүү t 68°С, сууда эрибейт, орг. эриткичтерде, эфирде, концент. уксус ж‑а күкүрт к‑таларында эрийт. А. нитробензолду натрий гидрооксидинде цинктин спирттеги эрит­меси же жегич чөйрөдө натрий станити м‑н ка­лыбына келтирүүдөн ж‑а нитробензолдун ани лин м‑н реакцияга киришинен алынат. А‑дун геом. эки (цис- ж‑а транс-) формалары бар.

цис‑формасы транс‑формасы
CeHs‑N C6Hs‑N
c6h5‑n n‑c6h5


Булардын туруктуусу – транс‑формасы. А‑го ультракызгылт‑көк нурду таасир кылуудан анын цис‑изомери алынат. А‑ду щелочтогу цинк тин чаңы м‑н калыбына келтирип, гидроазо бензол (C6H5‑NH‑NH‑C6H5), А‑дун мол‑сына амин же окситопторду киргизүүдөн синтездик азобоёктор алынат. Аны 1834‑ж. нем. химиги Э. Мичерлих ачкан. С. А Адылов.