«АЗИЯИНФО»
Jump to navigation
Jump to search
(англ. ASIAINFO) – Cisco Systems, АРС, ИНФОТЕЛ (Россия) компанияларынын официалдуу партнеру. Маалыматтан пайдалануу кызматын 1994‑жылдан баштаган. Маалыматтарды жөнөтүү б‑ча кызмат көрсөтүүнүн спут ник байланышынын Жердеги станцияларын эксплуатациялоо, телематикалык кызматтан пайдалануу б‑ча уруксаты ж‑а лицензиясы бар. Компаниянын жамааты жогорку технол. системаларды колдонууга жөндөмдүү, эл аралык стандартка туура келген жогорку технол. кыз маттан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн ишке аптыра алган кесип ээлери катары таанылды. Мекеменин башкы адистери Simens (EWSP тармактар системасы), N.E.T. (IDNX тармактар системасы), SUN Microsystems Ins компанияла рынын квалификациялык сертификаттарьша ээ болушкан. «А.» тармагы Ошто, Жалал‑Абадда, Кара‑Балтада, Караколдо жайылтылып иштеп жатат. Компания сырткы дүйнө м‑н байланышка чыгууну спутник байланыш базасынын негизинде спутник каналы аркылуу жүргүзөт. «А. »-нун маалыматтарды жөнөтүү тармагын тейлөөдө колдонулуучу тех. каражаттары тиешелүү маселелерди аткарууда талапка жооп бе рет ж‑а сертификаттары бар. «Бишкек‑98, 99, 2000» эл аралык көргөзмө‑жарманкелеринде Кырг‑ндагы мекемелерди, дүйнөдөгү инсандар м‑н маалымат алмашууну ийгиликтүү тейлегендиги, «Интернет карта» долбоорун ишке ашыргандыгы, Кырг‑ндагы респ. интернет тармагын өнүктүргөндүгү үчүн медалдар м‑н сыйланган. Азыркы учурда «А.» кардарлары интернет кыз матын, үйдөн колдонуучулар үчүн жогорку ылдамдыктагы VDSL технологиясын колдонууну жайылткан жогорку ылдамдыктагы каналдар б‑ча «Ноте. Net» мекемеси аркылуу «А.» тармагына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
У. Н. Бримкулов.