АЗЕРБАЙЖАН ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:26, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 (азери) – Азербайжан Респ‑нын мамл. тили; жерг. калктын ж‑а Иран, Ирак, Афганистан, Грузия, Армения, Дагестан ж‑а О. Азия респ‑нда жашаган азербайжандар­дын тили. Түрк тилдеринин түш. батыш же огуз тобуна кирет. 7‑11‑к‑да түрк тилдүү уруулар­дын (огуз, селжук) Азербайжан жерине кели­ши м‑н жерг. элдердин мурда колдонгон тилде­ри сүрүлүп, 11‑13‑к‑да жерг. элдердин оозеки ти ли түрк тили болуп, ал азербайжан адабий тили катары калыптана баштаган. А. т‑нде 4 диалек­тилик топ белгиленет: чыгыш тобу, түштүк тобу,
АЗЕРБАЙЖАН ТИЛИ27.png

батыш тобу, түндүк тобу. Азербайжан адабий тили шемахи ж‑а бакы диалектилеринин неги­зинде 19‑к‑да калыптанган. А. т. өзүнүн грам­мат. лексикалык белгилери б‑ча азыркы түрк, түркмөн, гагауз, б. а., огуз тобундагы тилдерге жакын. Кээ бир фонетикалык өзгөчөлүктөрү б‑ча ногой, кумык, өзбек тилдери м‑н да жа­кындашат. А. т‑нде 9 үндүү, 23 үнсүз тыбыш бар. 1929‑ж. чейин араб графикасын колдонгон, ошол жылдан латын, э, ө, ү тамгаларын ко шу мчал ап, 1940‑ж. орус графикасына өткөн. Азыр кайрадан латын графикасын колдонот.