АЖИБЕКОВА Клара

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:26, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Клара (19.12.1946‑ж. т., Нарын ш.) – философ, философия илимд. доктору (1991), проф. (1993). КММИни бүтүргөн (1970). 1970‑83‑ж. КМУда окутуучу, улук окутуучу, доцент, 1983‑95‑ж. Кырг‑н КП БКнын лектору, Саясий агартуу үйүнүн башчысы, Кырг‑н КП БКда бөлүм башчынын орун баса­ры, Политология ж‑а социалдык башкаруу ин‑тунун ректору, Кырг‑н Респ‑нын Министрлер Кабинетинин Башкаруу ин‑тунда, Орус тили ж‑а ад‑т пед. ин‑тунда, БГУда кафедра башчы сы, 1992‑жылдан Кырг‑н КП БКнын 1‑секрета­ры болуп иштеген, 1993‑жылдан КРСУда пси хология ж‑а философия кафедрасынын профес сору. Анын эмгектери коомдук турмуштун оор­чулук учурунда жаштардын диний ж‑а атеист­тик түшүнүктөрдүн механизмин изилдөөгө, ил.-тех. рев‑я шартында адамдын рухий эколо­гиясынын бузулуп баратышынын филос. масе­лелерин иликтөөгө арналган. 120 ил. эмгектин (а. и. 7 монография, 3 окуу куралы – авторлош) автору.

Эмг.: Молодёжь и проблемы психологии, религии и атеизма в условиях современной НТР. Ф., 1989.