АДЫШЕВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:26, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Муса Мирзапаязович (15.6.1915, Ош обл., Алай р‑ну, Гүлчө кыш. – 1.1.1979, Фрунзе) – белгилүү илимпоз, геология‑мине­ралогия илимд. доктору (1969), проф. (1971), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1961), корр. мүчө (1954), вице‑президенти (1974) ж‑а прези-
АДЫШЕВ4.png

денти (1978). Кыргыз ССРи­нин илимге эмг. сиң. ишме­ри (1975). Жалал‑Абад пед­техникумун (1935), О. Азия мамл. ун‑тинин (САГУ) гео логия ф‑тин бүтүргөн (1947).
Улуу Ата Мекендик согуш­ка (1941–45) катышкан.
Жалал‑Абад, Ош обл‑нда айылдык мектепте муга­лим, директор (1935–38),
СССР ИАнын Кыргыз филиалынын Геология ин‑тунун кенже ил. кызматкери (1947), дирек тору (1952), 1954–75‑ж. Кыргыз ССР ИАнын Гео логия ин‑тунун директору болуп иштеген. А. ­литогенез геохимиясынын өкүлү. Илимий эм­гектери негизинен Теңир‑Тоодогу байыркы доор­до пайда болгон чөкмө тоо тектердин геоло­гиясын, беш элементтин (негизгиси урандын) геохимиясын ж‑а кен байлыктарын изилдөөгө арналган. Теңир‑Тоодо кеңири тараган уран, ва надий, молибден ж‑а алтынга бай көмүртек­кремнийлүү сланецтер формациясын изилдеп чыккан. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депу таты (1975–77), Эмгек Кызыл Туу, Октябрь ре­волюциясы, «Ардак Белгиси» ордендери ж‑а ме­далдар м‑н сыйланган. А‑дин ысмынан Кыргыз Респ‑нын УИАнын Геология ин‑ту, Түш.-Батыш Теңир‑Тоодогу кырка тоо ж‑а андагы бийик чо­ку, о. эле Ош тех. ун‑ти, Бишкектеги көчө аталган.
Эмг.: Металлогения метаморфических и осадочных толщ Тянь‑Шаня, в кн.: «Закономерностиразмещения полезных ископаемых», вып. IX, М., 1970; Четвер тичное тектоника Чуйской впадины. Ф., 1988. Современные движения земной коры и сейсмичность (соавтор. В. Е. Цурков). Б.,1992.