АДРЕНАЛИН
Jump to navigation
Jump to search
– бөйрөк үстүндөгү без клеткалары иштеп чыгуучу биол. активдүү гормон. Хим. формуласы C9H1303N, мол. салмагы 183, 21, эрүү t 216°С, оптикалык 2 изомери кездешет. Кис лота м‑н щелочтордо, ысык сууда жакшы орг. эриткичтерде начар эрүүчү, ак түстөгү крис талл. Ал кан аркылуу органдарга таран, канда 0,06 мкг/л жакын өлчөмдө болот, бирок адам, жаныбар катуу чочуганда, кара жумуш иштегенде же катуу сүйүнгөндө, капа болгонда анын концент‑сы бир секда 1000 эсеге чейин көбөйөт. Ошонун натыйжасында организм тигил же бул шартка ыңгайланышат. А‑дин гомологдору норадреналин, изопропиладреналин табылган. Алар организмдеги зат алмашууну жөнгө с алуу м‑н жүрөк, кан тамыр, булчуң, ички органдар дын иштешине көмөк көрсөтөт.