АДОРНО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:24, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Теодор (11. 9. 1903, Франкфурт‑на‑Майне, Герман империясы – 6. 8. 1969, Висп, Швейцария) – немец философу, социологу ж‑a композитор. Франкфурт мектебинин көрүнүктүү өкүлдөрүнөн. Модернизм эстетикасына чоң салым кошкон. Монополисттик башкаруудан улам келип чыккан массалык мад‑т индустриясынын пайда болушун, мамилелердин стандартталышын сынга алган. Ал алгачкы эмгектеринде экспрессионисттик драма, музыканын «ландшафты», анын дүйнө таануудагы күчү, рационалдуулугу ж‑дө маанилүү ойлорду айткан. 20‑к‑дын 20‑ж‑нан баштап Франкфурт багытына ооп, коом ж‑дөгү бардык теорияны сынга алат, бирок марксизмге жактыруу м‑н мамиле кылган. Айрыкча андагы товардык фетишизм (сыйынуу, табынуу)

концепциясына маани берет. «Агартуу диалек­тикасы» (1947) аттуу эмгегинде Батыш Европа­нын агартуучулугу, мад‑ты, музыкасы – «жолу болбогон цивилизация» тарыхы деп ырастайт.

Т. Эсенгелдиев.