АДЕП ТАРБИЯСЫ
Jump to navigation
Jump to search
– адамдын коомдогу моралдык аң‑сезимин жашоодогу максатка жараша калыптандыруу, ызааттуу жүрүм‑турум көнүмүштөрүн пайда кылуу, о. эле өз элинин үрпадаттарынын прогрессивдүү үлгүлөрүн сактоого, байытууга, башка улуттардын салтын урматтоого тарбиялоо. Адамдын эрки м‑н рухий байлыгынын шайкеш келиши адептүүлүккө жатат. А. т. эмгекке ж‑а коомдук мүлккө туура мами ле жасоо, достукка, чынчылдыкка, адептүүлүк кө ж‑а ар ким өзүнүн жүрүм‑турумуна сын көз м‑н кароого ж. б. кемчиликтерин адилет сындоого үйрөтөт. Ал коомдук аң‑сезимдин эң маа-
нилүү формасы болуп саналат. Адам өмүр бою тарбиялаиып такшалат, ошентсе да, тарбиянын башаты, жүрүш‑туруштун тигил же бул эрежелерине калыптануусу негизинен балалык, өспүрүм кезинен башталат. Мезгил өткөн сайын бул адат өркүндөп‑өрчүй берет. Ар бир коомдун өзүнүн социал. түзүлүшүнө жараша адептүүлүк эрежелери болот.