АДЕНОМА
Jump to navigation
Jump to search
(гр. aden – без, оша – шишик) –денедеги ар кандай бездүү органдарда (эмчек, боор, бөйрөк, простата бездери ж. б.) без эпителийинен пайда болуучу зыянсыз шишик. Анда без
тканынын баштапкы түзүлүшү сакталат. Анын өлчөмү, формасы ар түрдүү, көзгө көрүнбөгөн кичинекей көлөмдөн тартып, баланын башындай болгон эң чоң А‑лар кездешет. А. кээде залалдуу шишикке (ракка) өтүшү мүмкүн. Ошондуктан операция же башка жол м‑н өз учурунда дарылоо керек. .