БАБАКУЛОВ
Jump to navigation
Jump to search
Манасбек (1950-ж.т., Өзбекстан, Наманган обл., Кызыл-Рават айылы) ‒ ветеринария илимд. доктору (2005). КАЧИни (1976), Москвадагы К. И. Скрябин атындагы ветеринария академиясынын аспирантурасын (1977‒82) бүтүргөн. Малды асылдандыруу станциясынын (1980‒85), Жалал-Абад зооветеринария техникумунун директору (1985‒93) болуп иштеген. 1993-жылдан ЖАМУнун окуу инспекциялык башкармалыгын жетектейт. Паразитология б-ча адис. 40тан ашык ил. эмгектин жана окуу китептердин автору. Эмгектери кой чарбасындагы мите курт ылаӊдарына арналган.