АЭРОДИНАМИКАЛЫК КАРШЫЛЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:25, 21 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЭРОЛИНАМИКАЛЫК КАРШЫЛЫК – абада кыймылда болгон нерсеге аракет этүүчү аэродинамикалык күч. Ал нерсенин кинетикалык энергиясынын кайталангыс жылуулук энергиясына өтүшүнөн пайда болот. А. к. ‒ учуучу аппараттын эӊ негизги мүнөздөмөлөрүнүн бири. Алардын учуу-тех. ырааттуулугун, айрым учурда алардын кыймылдаткычынын керектүү тартуу кубаттуулугун аныктайт. Ал нерсенин формасына, өлчөмүнө, кыймыл багытына, кыймыл ылдамдыгына, чөйрөнүн касиеттерине ж-а абалына көз каранды. Кинетикалык энергиянын чачырашы ж-а жылуулук энергиясына өтүүсү ‒ агымдын куюнга айлануусунан, согуу толкунунун пайда болушунан ж-а беттердин аэродинамикалык ысышынан келип чыгат. Идеалдык кысылбас суюктукта куюндун ж-а согуу толкунунун пайда болушу мүмкүн эмес, ошондуктан теорияда А. к. пайда болбойт.