АЦИКЛДҮҮ БИРИКМЕЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:00, 24 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЦИКЛДҮҮ БИРИКМЕЛЕР ‒ молекуладагы көмүртек атомдору бири-бири м-н жөнөкөй, кош же үч байланыштар аркылуу бириккен, калган валенттүүлүктөрү суутектин атому м-н байланышкан ачык чынжырлуу углеводороддор ж-а алардын туундулары. Алар алифаттык же май катарындагы бирикмелер деп аталат. Булар белгилүү шартта карбоциклдүү ж-а гетероциклдүү бирикмелерге, тескерисинче алар кайра А. б-ге өтөт. Мис., ацетилен ж-а анын гомологдору жогорку темп-рада (600°С) ароматтык бирикмелерди пайда кылса, циклопропанды ж-а тиофенди гидрирлөөдөн пропан м-н бутан алынат. А. б-дин негизги булагы ‒ нефть ж-а өсүмдүктөр, СО м-н Н2ден синтезделип алынган өнөр жай продуктулары. Нефтини кайра иштетүүдөн өнөр жайда негизинен алкандар м-н алкендер алынат. А. б-ден өнөр жайда самын, ар түрдүү орг. эриткичтер (эфир, хлороформ, дихлорэтан, ацетон ж. б.), антифриздер, жыпар жыттуу ж. б. заттар алынат.                                                                                               

С. Адылов.